Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сатып алуулардын 30 пайызы турукташтырылат

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 870 | 0

2023-жылга чейин мамлекеттик сатып алуулардын 30 пайызын туруктуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу  экономика министринин кеңешчиси Кылычбек Жакыпов “Жашыл экономика” форуму учурунда билдирди.

Ал бул мамлекеттик сатып алуу учурунда баасы, сапаты, экологиялуулукту жана социалдык факторду эске алуу менен товарды же кызмат көрсөтүүнү бардык убакытта колдонуу эске алынат дегенди билдирерин айтты. Акыркыга мисал катары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумушун же балдар эмгегинен пайдаланбоону келтирсе болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсү боюнча программасынын долбоору иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө программа коомдук талкууга коюлган.

Жакыповдун айтымында, жашыл экономикага өтүүдөгү басым Кыргызстандагы бир нече ресурстарга коюлат.

Биз азыр суу эле эмес, жер жөнүндө да айтсак болот. Жерлердин ири аянты деградацияланууда. Бул жерлерди туура эмес башкарууга, жер семирткичтерди туура эмес пайдаланууга байланыштуу. Бирок мындан тышкары энергетика жана аба сыяктуу ресурстар бар. Эгерде мисалы шаарда азыркыдай абал калып калса, биз саламаттыкты сактоого көп акча жумшайбыз”, — деди ал.

Кылычбек Жакыпов программа 8 секторду жана 4 кроссектордук багытты камтый турганын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM