Биз менен байланышыңыз

Экономист: «Жашыл экономикага» өтсөк, жылуулук борбордун кереги жок болот

Күн чекит | 15 Окт 2018 | 2567 | 0

Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды. 15-21-октябрга чейин өлкөдө жашыл экономика принциптерин жайылтуу боюнча ири масштабтагы саамалык өтөт. Анын алкагында жашыл экономикага ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдөн атайын адистер дагы келмекчи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашыл экономикага өткөн тармактар барбы жана жашыл экономиканын келечеги тууралуу «Күн чекит» программасында экономист Искендер Шаршеев айтып берди.

-Кыргызстан жашыл экономикага өтөт деп айтылганына көп жыл болду. Бүгүнкү күнү жашыл экономика принциптери менен иштеп жаткан тармактар барбы?

-“Жашыл экономика” дегенди бизде уу даарылар колдонулбаган өсүмдүктөр, жайлоодо жүргөн малдын эти органикалык деп түшүнүшөт. Бул туура! Бирок ошону менен биз табигый деп саналган продукция чет элдик лабораториялык кароого дуушар болгондо малдын жана өсүмдүктөрдөн оорулар көп чыгат. Продукциянын сапаты туруктуу эмес деген сөздөр көп айтылат. Экинчи жагынан Кыргызстанда органикалык сертификатты берген уюмдар жок. Албетте бул чоң маселе. Анткени сыртка чыгаардын алдында товардын органикалык экенин тастыктай аласыңарбы деген суроо коюлат. Демек, биз дагы эл аралык уюмдар менен биргеликте мындай борборлорду ачып, сертификат алсак болот. Бүгүнкү күндөгү ЕАЭБдин алкагында эл аралык стандартты алган лабораториялар органикалык продукцияны аныктап бере алышпайт. Бул өңүттөн алганда товарыбыз нукура дегенибиз менен тастыктай албасак, биздин товарды эч ким албайт.  

-Эмне үчүн реалдуу жыйынтыктар аз болуп жатат? Негизги тоскоолдуктар кайсылар?

Биринчиден бул сертификациялоо. Экинчиден, биздин сапаттын туруктуу сакталбашы. Үчүнчүдөн, продукция табигый болуп эсептелсе да дыйкандар чыгарган продукциянын ичинде оорулардын көп болушу. Эң алдын ушул нерселерди азайтуу керек.

-Жашыл экономика бул өтө кеңири тармак. Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуусу кайсы?

Органикалык продукциядан тышкары, кайра иштетилүүчү ресурстарды колдонуу. Ушул системаны карасак, Кыргызстан жылына Жылуулук электр борборун иштетүү үчүн 22 млн долларга чейин кетет. Ал эмт анын курулушу 500 млн долларга чейин барып калган. Эгерде Бишкектеги ар бир үйдүн чатырына күн батареяларын коюп койсо, 11миң доллардан туура келип калат. Ошондо бизге ЖЭБдин кереги жок болот. Бирок биздин өкмөт, приаритетти башкача коет. Алар жылуулук электр борборун иштетип жаңы технологияга көңүл бурбайбыз деп турушат. Бул өңүттөн алганда бул жерде дагы түздөн-түз кагылышуу бар. Ушул маселелер чечилмейинче жашыл экономикага өттүк деп айта албайбыз.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM