Биз менен байланышыңыз

Майнапсыз жашыл экономика дымагы

Экономика | 15 Окт 2018 | 1977 | 0

Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды. 15-21-октябрга чейин  өлкөдө жашыл экономика принциптерин жайылтуу боюнча ири масштабдагы саамалык өтөт. Кыргызстанда жашыл экономика тууралуу бир апта ичинде  маалыматтар кенен берилет. Жер-жерлерде бизнести жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу менен ишке ашыруу жолдору айтылат. Ал үчүн экономика министрлиги бир жумага атайын иш-чаралардын планын бекитти.  Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алымбаев  журналисттерге маалымдады.

— Ушул аптада жашыл экономика жумалыгы башталды. 15-21-октябрга чейин уланат. Бул аралыкта биздин экономиканын туруктуулугуна байланышкан бир нече иш-чаралар пландалган. Анын ичинде семинарлар, тегерек столдор, форум өтөт.

 Чындыгында «жашыл экономика»  деген термин Кыргызстанда айтылып келе жатканына  бир канча жылдын жүзү болду.  Анткен менен экономиканы бул тармакка өткөрүү ишке ашпай келет. Негизги жүйөсү  экологияга зыян аз алып келген жабдыктардын баасынын кымбаттыгында турат. Ошондуктан азыркы күндө Кыргызстанда күндүн энергиясы менен жылуулук алуу сыяктуу гана долбоорлор ишке ашып  келатат.
Бул өңүттөн алганда каражат аз кеткен тармак катары  министрлик органикалык жер-жемиштерди өстүрүү  жагын  айтууда. Буга Кыргызстанда толук шарт дагы бар. Демек,  атамекендик ишкерлер бул жолду тандаганы кирешелүү келерин Экономика министринин стратегиялык пландоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Айбек Кадыров белгиледи.

Бүгүнкү күндө бирден-бир приоритеттүү тармак катары айыл-чарба продукциялары турат. Бизде чоң мүмкүнчүлүк органикалык продукцияларды чыгарууда бар. Себеби биздин айлана-чөйрө таза. Ошондуктан биз азыр чектелген ресурстарыбыз менен органикалык продукциябызды брендге айлантып, чет өлкөгө чыгарсак болот.

Ал эми дыйкандар жашыл экономикага өтүүгө шарттын жоктугун белгилеп жатышат. Биринчиден, технологиялык жактан маалыматтын аздыгы болсо, экинчиден, органикалык продукцияны чыгарууга дыйкандын чамасы келбей турат. Мындай оюн Экономика илимдеринин кандидаты, дыйкан Манас Саматов «Маралга» билдирди.

Биз жашыл экономикага өтүш үчүн, негизги  тоскоолдук бул технологиялык жактан артта калуу  болуп жатат. Бүгүнкү күнү химиялык жер-семирткичтерди колдонбой жакшы түшүм ала албайбыз. Бул жагынан жерди пайдаланууда бизде ирээттүүлүк жок.  Себеби ири көлөмдөгү айыл-чарба продукциясын саткан дыйкандардын көпчүлүгү жерди ижарага алып колдонот. Алардын баары аянтты узак мөөнөткө алышпайт. Айрым жерлерде жер так-такыр эле тартыш. Чүй өрөөнүндө көп болсо бир жылга аласың. А   жашыл  экономика принциптери менен айдоого жок эле дегенде үч жылдык мөөнөт керек. А бизде андай шарт дагы, убакыт дагы жок.

Жашыл экономика — дүйнөдө кенен жайылган тармак катары саналат. Кыргызстанда энергияны суудан алуу же кичи ГЭСтер, күн энергиясынан жылуулук алуу жана жерди  тамчылатып сугаруу системалары ишке кирүүдө. Мейманкана же кафе-ресторан ээлери имараттарды күн энергиясы менен жылытууга өтүп жатышат. Бирок буга ар бир эле ишкердин дарамети жете элек. Анткени жаратылыштын энергиясын алуу үчүн технологиялык жабдыктар өтө кымбат туруп жатат. Бул жагынан өкмөт саясатты өзгөртүшү керектигин «Биз эксперт» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаев айтууда.

Кыргызстан жашыл экономика багыттары менен өнүгөт деп айтабыз. Бирок так кайсы багыт менен өнүгөрүн айта элекпиз. Бүгүнкү күнү жаңы курулган отелдер, жаңы курулган ресторандар күн энергиясын ала турчу жабдууларды алып келип жатышат. Бирок ошол жабдыктардын баасы асман чапчып жатат. Өкмөт башыл экономикага өтөбү деп айткан менен саясат башка нукта кетип баратат. Дегеним, бүгүнкү күнү бул жабдыктарды Кыргызстанга алып келүүдө бажы төлөмдөрү жогору бойдон турат. Бул жерде өкмөт жашыл экономиканы бир колу менен тартып, экинчи жолу менен түртүп жатат.

Эми мындай мүчүлүштүктөрдү алдын алуу үчүн Жогорку Кеңеште жашыл экономика принциптери эске алына баштады. Эл өкүлү Экмат Байпакбаев бул багытта документ даярдап өкмөткө киргизди. Учурда бардык министрликтерге тапшырма берилгенин бизге маалымдады.

Мен өзүмдүн командам менен жашыл экономика принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча документ даярдап чыктым. Вена шаарына болгон сапарымдан кийин бул тармакка кызыгып киришип жатам. Бул боюнча өкмөткө документтерди өткөргөм. Буюрса, мыйзам долбоору толук иштелип, жашыл экономиканын негизинде иш алып барыла баштайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жашыл экономикага өтүүдө суу, энергетика жана экологиялык айыл чарба продукцияны өндүрүү багытына артыкчылык берүү менен киргизүү керек деп эсептеп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM