Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Карапайым калкты медициналык тейлөө акысыз болсун

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 636 | 0

Бүгүн, 19-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кабыл алды. Жолугушууда саламаттыкты сактоо системасындагы реформалардын жүрүшү, калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Министр Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун оптимизациялоонун жүрүшү жөнүндө маалымдады. Анын айтымында, Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору 4кө чейин кыскартылып, ар бир районго бирден административдик борбор калат.

Мындан тышкары, министрлик 2019-2030-жылдарга карата Калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыккан, анда 2018-2014-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын программалык максаттары да камтылган.

Президент дарыгерлердин адистигин жогорулатуу, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууну талап кылып, айыл жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүү системасынын сапатын жакшыртуу, фельдшер-акушердик пункттардын (ФАП), бейтапкана жана ооруканалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.

«Көп учурда калктын эң аярлуу катмарларына — колунда жокторго, аялдарга, балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге дарыланууда кайсы бир бөлүгүн төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда акы төлөөгө жөндөмдүү адамдар атайын мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланышат. Саламаттык сактоо тармагындагы мындай системаны өзгөртүш керек. Акы төлөнгөн медицина сапаттуу болуп, ошол эле учурда акысыз сапаттуу тейлөөнү калктын аярлуу катмарларына көрсөтүш керек», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле, саламаттык сактоо тармагындагы абал жана реформалардын жүрүшү Коопсуздук кеңешинин жакынкы жыйынында карала турганы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM