Биз менен байланышыңыз

Адамдарды “Түштүк Кореяга жумушка орноштурам” деп алдаган киши кармалды

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 995 | 0

Түштүк Кореяда жумуш таап берем деп алдап, адамдардан чоң суммадагы акча алып качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Бул иш боюнча 30 адам арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө П.В. аттуу жарандын 2017-жылы күзүндө 30дан ашуун адамды Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп алдап,  алардан чет өлкөлүк паспорт жана виза улуу үчүн деп 1500 доллардан тартып 4000 долларга чейин алгандыгы аныкталган.

Учурда Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин негизинде иши козголуп, 31 факты боюнча айып тагылууда. Факты иликтенүүсү үчүн сотко кароого берилет.

Copyright © 2017 Maral FM