Биз менен байланышыңыз

Турсунбаев: Эл аралык авиация уюму Кыргызстандын аэропортторун жакшы деп баалаган

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 964 | 0

Эл аралык “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун учуулардагы коопсуздуктун сапаты дирекциясынын жетекчисинин орун басары Бахтияр Турсунбаев өлкөдөгү бардык  аэропорттордун нормага дал келбей турганын четке какты.

Анын пикиринде, аэропорттор мыйзамга жана тиешелүү талаптарга жооп берет. Аэропорттордун айласындагы инфраструктура маселесин жергиликтүү органдар чечүүгө тийиш.

Ошондой эле, аэропорттор реконструкциядан өтүп, тиешелүү сертификаттарды алып жатат. Авиациялык коопсуздук боюнча аудит жүргүзүлүп, Эл аралык жарандык авиация уюму Кыргызстандын аэропортторун жакшы деп баалагандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик экотехинспекциянын транспорттук коопсуздук тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзада Ибраимова Кыргызстандын аэропортторундагы учуу жана конуулардын баары кооптуу болуп саналат деп эсептеген.

Copyright © 2017 Maral FM