Биз менен байланышыңыз

Бишкекте турак-жайлардын 38% жылуулук менен камсыздалды

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 832 | 0

Бүгүн, 18-октябрда жылуулук бериле баштап, учурда турак жайлардын 38%ы жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук түйүнү» ачык акционердик коому маалымдады.

Ал көрсөткүчтүн 8 пайызын бала бакчалар, мектептер жана ооруканалар түзөт. Белгилей кетсек, жылуулук жана ысык суудан карызы бар тургундарга төлөгөндөн кийин гана жылуулук берилет.

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясы 18-октябрдан баштап жылуулук бериле тургандыгын кабарлаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM