Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик билим берүүгө 36 млн евро бөлгөн

Билим-маданият | 18 Окт 2018 | 1125 | 0

Бүгүнкү күндө Кочкор районундагы 33 мектептин 30 интернет менен камсыз болуп, Евробиримдик тараптан берилип жаткан каражаттын негизинде бир катар эскилиги жеткен мектеп капиталдык ремонттон өткөн. Бул туурасында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын Нарын облусуна болгон иш-сапарынын алкагында маалым болду. Ошондой эле министр иш сапарынын алкагында мектептеги ысык тамак боюнча да маалымат алды.

Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу атындагы мектепте миңге жакын окуучу билим алат. Быйыл мектеп бюджеттен бөлүнгөн каражаттын негизинде окуу корпусунун чатыры оңдолду. Кийинки жылы капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Мектеп директору Зарылбек Таабалдиевдин айтымында, мектеп 46 жыл мурда курулуп, ошол убактан бери оңдоло элек.

-Негизгиси, мектепке өкмөттөн 22 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Анын 2 миллион сому мектептин чатырына иштетилди. Калган каражатка 2019-жылы мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп беребиз деп жатат. Себеби биздин мектеп 46 жылдан бери оңдоп түзөөдөн өтө элек.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, акыркы жылдары бюджеттен көп каражат бөлүнүп жатат. Өзгөчө Евробиримдик тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде аймактагы бир топ мектептердин абалы жакшыртылган.

Акыркы эки жылда жалпысынан Евробиримдик тарабынан 36 млн евролук каржылык колдоо көрсөтүлдү. Анын 20 млн евросу бюджетке которулган. Калган 10 млн евросу буйруса, кийинки жылга каралган. Бул Евробиримдиктин көрсөткөн колдоосу түз эле бюджетке өтөт. Өкмөткө билим берүү системасына колдонсун деген шартын коет.

Евробиримдиктин колдоосунун натыйжасында аймактагы мектептерде инклюзивдик борборлор да ачылган. Маселен, Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектепте Нарын шаары боюнча бир борбор ачылып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да билим алууга шарт түзүлгөн. Аларды окуткан Сайра Абдыгазиеванын айтымында, жалпысынан 15 бала бар. Экөөнү үйүнөн барып окутуп келет.

Ошолорду үйрөтүш үчүн адегенде дептерге чийишет. Андан кийин атайын сызык чийип ошого жазгыла дейм. Анан үйрөнө башташат. Балдар ар кандай оорулар менен оорушат.

Ошондой эле иш-сапардын алкагында министр жалпы мектептерди кышкы сезонго болгон даярдыгын да текшерди.

Copyright © 2017 Maral FM