Биз менен байланышыңыз

Депутат: Президенттин учагын жаңылоо керек

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1289 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев президентке жаңы учак белек кылынышы керектигин айтып чыкты. Анын пикиринде, президент катардагы жарандар менен учуп жүрөт, буга кубанууга кажет жок, себеби анын коопсуздугун ойлонуу зарыл.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, “ТУ-154” учагында бир гана президент учат. Ал эми мамлекет каржынын жетишсиздигинен улам жаңы учак сатып ала албайт.

Мындан улам депутат башка компаниялар жана мамлекеттер менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM