Биз менен байланышыңыз

Шарапов саатты кышкы убакытка өткөрүүнү сунуштады  

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 933 | 0

Депутат Закир Шарапов бүгүн, 18-октябрда парламент жыйынында 2005-жылдагы эрежени киргизип, саатты кышкы убакытка өткөрүүнү сунуштады. Ал буга дарыгерлердин «эртең мененки бир сааттык уйку баланын саламаттыгына жакшы таасир берет» деген пикирин негиз кылып келтирди.

Окуучуларга же бала бакчага барчу балдарга эрте турууга туура келип, биринчи нөөмөт саат 7де болгондо уйкусу канбагандыктан балдар кежирденип, окууга да каалоолору болбойт деп билдирди. Бир саат – бул бир аз гана убакыт болгону менен дарыгерлердин айтымында, маалыматты жакшы кабыл алып өздөштүрүүнү шарттайт деп кошумчалады.

Саатты кышкы убакытка жылдыруу бир гана окуучуларга эмес, жалпы жарандарга да пайдалуу болорун баса белгиледи. Анткени адам шашылганда нервденип, өзүн  көзөмөлдөй албай калат, натыйжада жол кырсыктары да болуп кетет. Уйкунун канбагандыгы адамдын өзүн жаман сезишине себеп болот.

Эскерте кетсек, 2005-жылы Кыргызстан экономикалык себептерден улам жайкыдан кышкы убакытка өтүүдөн баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM