Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда гемодиализ борбору ачылды

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 756 | 0

Жалал-Абад шаарында 17-октябрда мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын алкагында гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алдыда бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандарга гемодиализ көрсөтүү үчүн 4 гемодиализ борбору ачылат. Бул саамалык бөйрөгү ооруган бейтаптарды медициналык жактан тейлөөнү жакшыртат.

Учурда аталган борбордо 15 жасалма бөйрөк жабдуулары иштеп, бейтаптарды 15 кызматкер тейлейт. Азыркы тапта Жалал-Абадда гемодиализ алган 24 бейтап бар.

Эскерте кетсек, 2017-жылы өкмөт тендер жарыялап, анда  германиялык компания утуп алган. Гемодиализ боюнча бул долбоор мамлекеттик жана менчик биргелешкен биринчи кызматташтык болгон. Анда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ борборлорун ачуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM