Бүгүн, 17-октябрда жаңы дайындалган судьялардын ант берүү аземи болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева судьяларды кызматы менен куттуктап, анттарына бек турууга чакырды.
Жарлыкка ылайык, судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр дайындалган:
Чуй облустук сотуна — Адилет Эркебаев;
Ош шаардык сотуна — Гулзат Абсатарова;
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Нурлан Баймуратов;
Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна — Алмаз Мамашов;
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна — Марат Акбердиев;
Нарын облустук сотуна — Алтынбек Бердибеков;
Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Гайратбек Абдисаматов;
Баткен облусунун Баткен райондук сотуна — Индира Турдумамбетова.