Биз менен байланышыңыз

Канатбек Ахмедов Жогорку Кеңеште ант берди

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 643 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Канатбек Ахмедов депутаттык ишине киришип жатып ант берди.

Ал «Кыргызстан» саясий партиясынан Урмат Самааевдин ордуна келди.

Урмат Самаев 26-августта Токмок шаарына мэр болгон.

Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 1-сентябрда бошогон депутаттык орунга Канатбек Ахмедовду дайындоо жөнүндө токтом кабыл алып, мандаттык күбөлүк жана төш белги тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM