Биз менен байланышыңыз

Мэрия жашы жете электердеги кылмыштуулукту алдын алат

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 680 | 0

Бишкекте жашы жете электердин иши боюнча инспекцияда 140 адам каттоодо турат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова мектептердин директорлору, жашы жете электер менеш иш алып барган инспекторлор менен жолугушуусунда айтты.

Анын белгилешинче, алгачкы профилактикалык иш-чараларды мектептердеги социалдык-психологиялык кызмат өткөрөт.

2017-2018-окуу жылында мектептин психологдору 5-11-класстардагы окуучулардагы кооптуу жагдайларды жана жаман жүрүм-турумдарды  аныктоо максатында 67 миң окуучудан тест алышкан. Анын натыйжасында психологдор 1200 окуучуну каттоого алышкан.

Окуучуларга жана ата-энелерге жеке консультациялар, тренингдер өткөрүлөт. Кризистик жагдайларда жакшы жүрүм-турум көрсөтүүгө, компромисске барууну үйрөткөн программалар иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM