Биз менен байланышыңыз

Аялдардын финансылык сабатсыздыгы жоюлат

Коом | 16 Окт 2018 | 948 | 0

Кыргызстанда жашаган аялдардын саны 52 пайызды түзөт. Бүгүнкү күндө алардын 20 пайызга жакыны жумушсуздук менен үйдө отурса, калгандары бюджеттик жеке менчик мекемелерде, базардагы соода-сатык тармагында эмгектенишет.

«Ысык-Көл» мейманканасын жетектеп келген Шайыр Иманкожоева жеке ишкердик менен 25 жылдан бери алектенип келет. Ал арадан бери конок үйлөр арасында атаандаштык орун алып келген. Ошол эле учурда түшкөн кирешени туура багытка жумшоого такшалган. Тилекке каршы, жаӊы жумуш баштаган айымдардын иши бир нукка түшкөнгө чейин көптөгөн кыйынчылыктар болорун эске алып, колунан келген жардамын аябай көмөк көргөзүп келерин билдирди.

-Мен 25 жылдан бери туризм багытында мейманкана иштетем. Түшкөн акча менен кетип жаткан чыгымдарды баланста кармап турам. Эгер түшкөн кирешени дароо эле керектеп салсаӊ электр жарыгы сыяктуу коммуналдык тейлөө менен айлык маянага төлөнбөй калышы ыктымал. Бул маселени кийинки өсүп келе жаткан ишкерлерге дагы тажрыйба жүзүндө жардам берип турабыз.

Анткен менен аймактагы бардык айымдар коомчулукта өз ордун таап бир кызматта отуруп иштей алууга мүмкүнчүлүк жок. Себеби бюджеттик, жеке менчик мекемелерди эске албаганда, шаарда жашагандар базарда соода-сатык менен алектенишет. Ал эми элеттиктер дыйкан жана мал чарбачылык менен алек болгондуктан, көпчүлүк айымдар үйдө отурушат. Ошондуктан үй-бүлөлүк кирешени натыйжалуу пайдалануудан баштап, аялдар алдыга умтулуусу зарыл болуп жаткандыгын «Ысык-Көл аялдар биримдиги» ассоциациясынын төрайымы Айнакан Намазова билдирди.

-Азыр айыл жергесинде аялдардын бардыгы бизнести ачып кете алышпайт. Бирок алардын көпчүлүгү күйөөсүнүн көзүн карабай жерди иштеткенди үйрөнүшү керек. Себеби айдоо аянттардын көпчүлүк учурда эркектерге тиешелүү деп эсептелип келет. Азыркы күндө жер эӊ негизги каржы булагы болуп саналат. Ошондой эле киреше алып келүүчү дагы бир булак тикмечилик тармакты өздөштүрүү. Кийим — кечелер экспортко көп кетип жатат. Ар бир айылга айыл өкмөтү бирден тигүү цехин ачып берсе чоӊ киреше алып келмек.

Мындан улам Бишкек шаарынан келген тажрыйбалуу жеке ишкер айымдар өздөрүнүн иш билгиси менен бөлүшүп, аялдардын финансылык сабатсыздыгын жоюу максатында окутууларды өткөрүүдө. Анткени чет өлкөлүк долбоор аркылуу Кыгызстан боюнча анализ жүргүзгөндө аялдардын 19%ы гана акчаны туура пайдалана алат деген бүтүм чыгарылган. Каражатты үнөмдөө боюнча окутуулар Ысык-Көлдөн башталып жатканын Чакан ГЭС ассоциациясынын төрайымы Элвира Боромбаева маалымдады.

-Кыргызстаныбыз кантип өнүгө алат деп ойлонуп көрсөк, бүт баа биздин айымдарыбыздан башталат экен. Тилекке каршы, эл аралык мекемелер долбоор алкагында анализ жүргүзгөндө 19 % финансылык билим бар экени тастыкталган. Бул деген азыркыга чейин өзүбүздүн каражатыбызды туура, максаттуу пайдалана албайбыз деген нерсе. Ошондуктан айымдарга кичинекей үй -бүлөдөн баштаган каражатты туура пайдаланып, кантип колдонуу керектигин үйрөтүп жатабыз.

Ага утурлай, айымдар арасында жеке ишкердикти көбөйтүү жагы да колго алынары белгилүү болду. Мындай иш-аракет үй-бүлөнүн бутка туруусуна  эмес, Кыргызстандандын экономикасына да салым кошот. Ал үчүн салыктарды кантип төлөө, ишкердик боюнча патент ачуу сыяктуу керектүү документтерди алууга жардам берилет. Бул боюнча иш сапары менен келген Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып өттү.

Калкыбыздын 52 пайызы айымдар болгондон кийин айымдар арасында жеке ишкердикти көбөйтөлү деп жатабыз. Биз мисалы документтер жагынан да жардам беребиз. Кантип жеке ишкер болуу керек, кантип салык төлөө керек деген сыктуу. Бардыгы ачык болуп, бюджетке да акча түшуп туруу керек.

Copyright © 2017 Maral FM