Биз менен байланышыңыз

Мектеп рэкетчилигин тыюуда инспектордун ролу чоң

Билим-маданият | 16 Окт 2018 | 1089 | 0

Бишкекте 12-октябрда мектеп окуучулары арасында болгон мушташтан кийин №47 мектептеги жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор кызмат ордунан бошотулду. Бул маселе 2014-жылы ар бир мектепте бирден инспектор болушу керек деген көйгөйдү кайрадан козгоду.

Жакында эле окуучулар арасы

нда болгон мушташтан кийин мектеп директору иштен алынып, вице-мэрге сөгүш берилди. Ал эми ошол мектептеги коомдук тартиптен жооптуу болгон инспектор кызмат ордунан бошотулду. Мындан улам коомчулукта мектептеги тартипти сактоодо мугалимдер менен бирге иш алып барган инспекторлордун жоопкерчилик маселеси козголду. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир мектепке сөзсүз бирден инспектор берүү 2014-жылдан бери ошол кезде Шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп турган Мелис Турганбаевдин буйругу менен ишке ашкан. Андан бери борбор калаадагы ар бир мектепте бирден инспектор коопсуздукту сактап, тартип бузган балдарды каттап, алар менен иштешип келген. Ички курам жетишпегендиктен мындай тартип Бишкекте эле сакталып, аймактардагы мектептерди райондук бөлүмдөр караган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Кыргызстан боюнча ар бир мектепке бирден инспектор берилет деген буйрук бар болчу. Бирок штат жетишпегендиктен Бишкек шаары боюнча гана толук камсыздай алган. Мисалы, 100 мектеп болсо баарында бирден инспектор каралган. Алар үчүн атайын кабинеттер, жумушка телефон каралган.

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин айтымында, бул тартипти киргизгенден кийин мектеп окуучулары арасында рэкетчилик, тартип бузуу бир топ азайган. Ата-энелер менен катар, мектеп мугалимдери да буга кызыктар болушкан.

Ошол учурда рэкетчилик күчөп кеткен. Биз эки ай изилдөө жүргүзүп, ата-эне, мугалимдерден сурамжылоо алып, жыйынтыгында инспекторлорду бир күн бою ошол мектептерде иштеш керек деген бүтүмгө келгенбиз. Алар сабак башталгандан тартып, бүткөнгө чейин, балдар үйүнө кеткенге чейин иш алып барышат. Ата-энелер, мугалимдер бул нерсе ишке ашкандан кийин ыраазы болушкан.

Жогорку Кеңеште мектеп рэкетчилиги боюнча бир топ маселелерди көтөрүп келген депутат Тазабек Икрамов буга чейин атайын мониторинг жүргүзүлүп, чечимдер берилгени менен алар аткарылбай келе жатканын белгилейт. Инспекторлордун кандай иштеп жатканын мектептердеги акыркы окуялар көрсөтүп жатканын айтты.

-Алардын кандай иштеп жатканын мына акыркы окуялар тастыктап жатпайбы? Биздин комитет да өткөн жылы ушул маселени көтөргөнбүз. Атайын чечимдерди кабыл алып бергенбиз. Бирок алар аткарылбай жатат.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 3 миңден ашык бала тартип бузгандыгы үчүн каттоодо турса, 6 миңдей окуучу мектептин ички тизмесине алынган. Алар менен инспекторлор иштеп, түшүндүрүү иштерин алып барышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM