Биз менен байланышыңыз

Сирияда ИШИМ 700 кишини барымтага алды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 801 | 0

Сирияда ИШИМ террордук тобу 700 чамалуу жай тургунду барымтага алды. Бул тууралуу Сириядагы орусиялык араздашкан тараптарды элдештирүү боюнча орус борборунун жетекчиси Владимир Савченконун маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Идлиб аймагындагы куралсыздандыруу абалынан пайдаланып, террордук топ Аль Бахра районундагы качкындар лагерине сокку уруп, 130 бүлөнү алып кеткен. Эксперттердин айтымында террордук топ туткундарды Сирия демократиялык күчтөрүнүн чабуулунан коргонуу үчүн колдонуусу ыктымал.

Сириядагы орусиялык аскер базасы аймактагы куралдуу күчтөрдү согуштук чагымдардан узак болууга чакырып, курчуган жагдайды тынчтык жолу менен жайгарууну сунуштады.

Эске сала кетсек, Идлиб- Сириядагы өкмөттүк күчтөргө өтө элек жалгыз аймак. 3 миллиондон ашуун калк баш калкалаган аймактагы куралдуу топторду чыгарып, буфердик зона түзүү процесстери жүрүп жатат. Аталган иш-аракет Сириядагы Орусиянын жана Түркиянын аскердик базалары тараптан жүзөгө ашуусу сүйлөшүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM