Биз менен байланышыңыз

“Евразиялык жумалык” форуму 22-октябрда Ереванда өтөт

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 793 | 0

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагындагы бийлик өкүлдөрүнүн,  бизнес өкүлдөрүнүн ири саммити 22-24-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында өтөт.

“Евразиялык жумалык” форумунда уюмдагы мамлекеттердин бизнес климатын түзүү, өндүрүш алакасын чыңдоо, чет өлкөлүк инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максат кылынат.

Азыркы тапта форумда вице-премьерлер, министрлер, мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, бизнес өкүлдөрү болуп, катышуучулардын саны 2000ге жетери маалымдалды.

Программада 30дан ашуун дискуссиялык иш-чаралар, тегерек столдор орун алат. Мындан тышкары инновациялык долбоор  “Евразиядык санариптик платформалар” сынагынын финалы болот.

Форумдун алкагында алгачкы ирет экономиканын түрдүү тармактарындагы 100дөн ашуун компанияларды тааныштырган көргөзмө болот.

Copyright © 2017 Maral FM