Биз менен байланышыңыз

Таанымал инсандардын эскерүү кечелерин чектөө сунушталды

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 1019 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таанымал инсандардын эскерүү кечесин мамлекеттин каражатынан өткөрүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Билдирүүдө бир юбилейлик мааракени өткөрүүгө канча каражат кетери айтылган. Опера жана балет театрын же филармониянын залын ижарага алуу саатына 25 миң сом. Ал эми мамлекеттик гезиттердеги бир бет макала 17 миң сомду түзөт. Мааракеге арналган тасма тартуу мүнөтү миң сом деп айтылат. Жыл сайын республикалык бюджеттен юбилейлик мааракени өткөрүүгө 5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнөт.

Ээлеген кызматына жана алган сыйлыктарына карабастан таанымал адамдардын юбилейлик мааракесин республикалык бюджеттин эсебинен өткөрүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул иш-чарага кызыкдар тарап өз алдынча өткөрүп алууга болот.

Мындан сырткары көзү өтүп кеткен мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайда жашап же иштегенине карабастан, эстеликтерин жана бюсттарын борбор шаарга коюуга тыюу салуу да демилгеленүүдө.

Кошумчалай кетсек, соңку жылдары белгилүү адамдардын туугандарынан жана жердештеринен мамлекеттик мекемелерге, көчөлөргө, парктарга жана айылдарга ысымын ыйгарууну суранган кайрылуулар арбын болуп жатканы маалыматта айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM