Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолукту

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 739 | 0

Дүйшөмбү шаарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен эки тараптуу жолугуу өткөрдү. Бул тууралуу  делегация менен барган кабарчыбыз маалымдады.

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу мамилелери, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тажикстандын өкмөт башчысы Расулзода Абылгазиевди жылуу кабыл алып, эки тараптуу жолугушуулар өкмөттөр аралык кызматташууну өнүктүрөрүн айтты. Абылгазиев кесиптешине ыраазычылык билдирип, президенттин атынан салам айтты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары 2018-жылы 3 жолу жолугушкан. Биринчиси Дүйшөмбүдө, экинчиси Кытай мамлекетинде, үчүнчү жолугушуу кайра ШКУ алкагында Дүйшөмбүдө өтүп жатат.

Бул жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити алкагында өтүүдө. Негизги саммит 12-октябрда болот.

Copyright © 2017 Maral FM