Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн миллиардерлери кайда жашашат?

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1639 | 0

 

Дүйнөдөгү эң бай кишилер Нью Йорк, Гонконг, Лондон, Москва, Сан Франциско жана Пекин сыяктуу 20га жетпеген шаарда жашашат. Мындай маатыматты Wealth X компаниясы  “Дүйнөнүн эң байлары тууралуу докладынын”акыркы басылышында жарыялады.

Жалпысынан дүйнөдө 2754 милиардер бар. Алардын жалпы мүлкү 9,2 триллион АКШ долларын түзөт. Бул Япония менен Германиянын ИДПсы бириккендеги суммага барабар.

Докладда миллиардерлер социалдык теңсиздик өтө жогору болгон шаарларда жашаары айтылат. Бир эле шаарда ашыкча бай жана өтө кедейлер күн көрүшөт. Эксперттер көпчүлүк байлар жаратылыш ресурстарын ээлеп, колдонуу жолу же мамлекеттин мүлкүн пайдалануу менен ашыкча байып кеткендигин айтышат. Экономикалык инфляциялык өзгөрүүлөр алардын гана пайдасына иштеп, карапайым элди кыйнаарын айтышат. Бирок арасында ишкердигин нөлдөн баштагандар да бар.

Эксперттердин айтымында, кытайлык интернет-базар «Алибабанын» ээси Жек Ма сыяктуу ишкерлер өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон үлгүлүү  миллиардерлерден болушат.

Милиардерлердин саны өтө тездикте өсүп бараткан өлкөлөр Азияда жайгашкан. Бул аталган аймактагы социалдык теңсиздик, шылуундук жана коррупциянын өсүүсү менен да түшүндүрүлөт. Индияда 90-жылдары эки гана милиарддардын ээси бар болсо, бугункү күндө алардын саны 84кө жеткен. Ошол эле учурда Индиянын 280 миллион калкы кедейликтин эң төмөнкү чектеринде жашашат.

Мисалга алсак, индиялык миллиардер Мукеш Амбани Мумбай шаарында 27 кабат үйдө жашаса, мумбайлыктардын жарымынан көбү кедейликтин түбүндө өмүр сүрүшөт.

Ал эми Пекин университетинин изилдөөлөрү боюнча кытайлыктардын 1%ын түзгөн байлар мамлекеттин 25% мүлкүн ээлешет, ал эми 25%ын түзгөн эң кедей катмары мүлктүн 1% менен күн көрүшөт.

Кызыгы, эли жакырчылыкта жашап, дүйнөнүн эң муктаж континенти болгон Африкада 44 милиардер жашайт. Алардын жалпы мүлкү 93 милиард долларды түзүп, африкалыктарды ачкачылыктан куткарып кетүүгө деле жете турган каражатка ээлик кылышат.

Oxfam кайрымдуулук уюмунун жылдык эсепттөөлөрү боюнча, ашыкча байлардын киреше салыгы мамлекетке толук төлөнбөгөндүгү жана кайрымдуулук аң-сезиминин жоголуусу адамзаттын социалдык абалынын бири-биринен өтө узак эки чоң катмарга бөлүнүүсүнө алып келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM