Биз менен байланышыңыз

 Тоӊ районунда окуучулар маданият үйүнөн билим алууда

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1145 | 1

Иллюстрациялык сүрөт

Тоӊ районундагы Тогуз Булак айылынын окуучулары 3 жылдан бери маданият үйүндө билим алууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун методисти Сүйүндүк Ишенбаев билдирди.

Анын айтымында экс -президент Аскар Акаевдин учурунда курулган жаӊы мектептен 2013-жылы грибок чыгып, билим алууга кооптуу деп табылган. Андан улам, окуучулар убактылуу чатырда билим алса, кийин суук түшкөндө айылдагы маданият үйүнө көчүрүлгөн.

«Мырза Мамбетов атындагы орто мектептебинин окуучулары 3-4 жылдан бери маданият үйүндө билим алышууда. 396 бала үчүн клуб тардык кылат.  Биздин жаӊы мектеп начар шартта салынып, колдонууга жараксыз болгондугу боюнча тиешелүү комиссиялар менен карап чыгып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз. Азырынча кайрадан жаӊы мектеп салууга жооп келе элек»,-деди ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM