Биз менен байланышыңыз

Түркия минималдык айлык акы боюнча Европада эң төмөнкү тепкичке түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 935 | 0

Түркия минималдык айлык акынын көрсөткүчү боюнча Европа өлкөлөрүнүн эң акыркы сабынан орун алды. Бул тууралуу Би-Би-Синин түрк кызматы жазып чыкты.

Маалыматта түркиялыктар Европадагы эң аз айлык алган өлкөлөрдүн катарына кошулуп калуусунун бир канча негизги себептерин көрсөткөн. 2016-жылдан баштап быйыл кескин түрдө наркын жоготкон түрк лирасы мунун башкы себептеринен болуп саналат. 2018-жылдын башында Түркиядагы минималдык айлык болгон 1603 лирага 353 Евро алууга мүмкүн болсо, азыркы күндө 197 еврого туура келет. Түрк бийлигинин батышка карата жасаган өзүмчүлдүк мамилеси, өзгөчө АКШга тең тайлашууга аракет кылуусу лиранын кунун жоготуп, түрк калкынын жашоо шартына кедергисин тийгизди.

Экинчиден, 2016-жылдагы уюштурулган аскердик төңкөрүш “оюнунан” кийин Эрдоган режими Фетхуллах Гүлен жамаатын материалдык жактан камсыздаган тараптарды жок кылуу шылтоосу менен өлкөдөгү миңдеген эң ири салык төлөөчү компанияларды тартып алып, ишин токтоткон. Бул жагдай өлкөдө иш алып барып жаткан ички жана сырткы инвесторлорду чочутуп, дараметтүү ишканалар капиталын сыртка алып чыгып кетишкен. “Ишкердикти коргоп, шарт түзүүчү укуктук базанын жоголуусу мамлекеттин экономикасын чөктүрөт”,- деп кулак кагыш кылган эксперттердин эскертүүлөрүнө бийликтин “Биз террористтерсиз деле Түркия боло алабыз. Бир канча ишкана чыгып кетсе эле чөгүп кетчүлөрдөн эмеспиз!” деген сыяктуу популисттик саясаты жарандарды жумушсуз же аз акы алчу жумуштарда калуусуна түрттү.

Жогорудагы каталарын оңдоо үчүн кечээ сыртын салган мамлекеттерге  бүгүн барып мамиле түзүүгө аракет кылып же жасалма жол менен лиранын наркын түшүрбөй сактап калууну көздөгөнү менен абал айдан ачык: түркиялыктардын жан багуусун камсыздай турган айлыкка жетүүсү жакынкы келечекте болбой тургандай.

Түркия жумушчу синдикаттарынын конфедерациясынын (Түрк-иш) кеңешчиси Энис Багдадиоглу жакын арада минималдык айлык акыга сумма кошулары күмөн, себеби ишканалар дагы банкроттук жарыялайын деп араң турган кезде кошумча кошуусу мүмкүн эмес экендигин айтты. 15 жылдан бери эки гана жолу 20%дык кошумча кошулганын эске албаганда, Түркияда акыркы кездери минималдык акыны жогорулатуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалган эмес.

Эскерте кетсек, Европада минималдык айлыктын эң жогоркусу болгон Люксембургда эң аз айлык акы 2000 евронун тегерегинде. Андан кийин эле Германия, Франция, Англия, Бельгия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө минималдык айлык акы 1500 евронун үстундө. Эң төмөнкү 500 евронун астындагы көрсөткүч Албания, Македония, Черногориялар менен бирге Түркияга тиешелүү. Эксперттердин айтымында, мамлекетте төрт кишилик үй-бүлө ач калбай жашоосу үчүн кеминде 1800 лира керектелет. Бул учурда Түркиядагы минималдык айлык болгону 1603 лирадан жогору болуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM