Биз менен байланышыңыз

Александр Шишкин: Скрипалдарды уулаган экинчи шектүүнүн чыныгы аты билинди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 895 | 0

Британиянын Солсбери шаарында орусиялык тыңчы Сергей Скрипалды уулаган экинчи шектүү “Александр Петров” чынында Орусиянын Борбордук чалгын кызматкери Александр Мишкин болуп чыкты. Маалыматты  Insider интернет басылмасы менен Bellingcat иликтөө борбору тактап жарыялашты.

Билдирүүдө Александр Мишкин Орусиянын Архангельский облусунда төрөлүп, өлкөдөгү алдыңкы аскердик академияда билим алгандыгы жана атайын кызматтын маанилүү тапшырмаларын аткарары айтылган. Андан сырткары анын жашаган жери, интернет баракчаларына чейин жарыялашкан.

Эскерте кетсек, аталган булактар чуулгандуу окуяга шектелгендердин биринчиси “Руслан Бошировдун” чыныгы кимдиги Анатолий Чепига экенин айтып чыгышкан болчу.

Бирок алар Скрипалды уулоого катышы жоктугун айтып, Солсбериге турист катары гана барышканын билдиришкен. Окуядан кийин Англия баш болгон бир катар Европа өлкөлөрү өздөрүндөгү жүзгө чукул дипломат, элчилерди тыңчы болуусу мүмкүн деген жүйө менен Орусияга кайра жөнөтүшкөн.

Орус бийлиги муну өздөрүнө каршы атайын уюштурулган чагымчылдык, батыштын тыңчылык коркуусу “шпиономания” деп атап келет.

Copyright © 2017 Maral FM