Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Оптимизациянын арты менен 12 млн сом үнөмдөлөт

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 887 | 0

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы оптимизациянын арты менен 12 млн сом каражат үнөмдөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оптимизациядан улам борборлордо иштеген административдик жумушчулардын саны кыскарат. Ал эми дарыгерлер жумушсуз калбайт. Алар квалификациясына жараша ишке бөлүштүрүлөт.

«60ка жакын административдик жана финансылык кызматкер иштен алынат. Кайра түзүүнүн максаты медициналык жана санитардык жардамдардын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дарыларды ар башка баада сатып алат. Оптимизация болсо мындай башаламандыктар жөнгө салынат», — дейт Чолпонбаев.

Маалыматка ылайык, оптимизациянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун 4 жетекчи башкарат. Мындай аракеттер кадрлардын, лабораториялардын сапатын көтөрүү максатында жасалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM