Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендердин 80% пенсия кургында

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 645 | 0

Баштапкы медициналык жана санитардык жардамдардын деңгээли түшүп кеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, айыл жерлердин 53% гана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен камсыздалган. Бул борборлордо иштеп жаткандардын 80% пенсия кургындагы дарыгерлер.

Чолпонбаев өз өзүндө көзөмөлдүн жоктугунан жеке менчик лабораториялар басымдуу болуп кеткенин да кошумчалайт.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн «Марал» радиосунда конокто болуп, угармандарды суроолоруна жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM