Биз менен байланышыңыз

Министр: Өлкөгө дагы 250гө жакын тез жардам унаасы керек

Пикирлер | 8 Окт 2018 | 639 | 0

Биринчи медициналык тез жардамга автоматташтыруу ситемасын киргизүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 200 тез жардам унаасы оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн дагы 250гө жакын тез жардам унаасы керек.

Ал эми фельдшердик-акушердик пункттар боюнча инвентаризация аягына чыгып калган. Эми алар кайсы аймакта курулары каралууда.

Чолпонбаев мындан тышкары, «министр аймактардан кабар албай жатат» деген сөздөрдү четке кагып, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарында ооруканалардын абалы менен таанышып келгенин айтты. Ошондой эле жыл соңуна чейин өлкө аймагын толук кыдырып чыгарын белгиледи.

Ал буга кошумча төрөт үйлөрү боюнча да көп маселе бар экенин, бала сатуу боюнча кармалган дарыгерлер камакка алынганын билдирди.

«Бала сатуу резонанс болуп жатат. Күнөлүүлөрдүн көпчүлүгү жеке мекемелерде эмгектенген дарыгерлер болгон.  Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген бир кызматкер жумуштан алынды», — дейт министр.

Эске салсак, 7-сентябрда Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM