Биз менен байланышыңыз

Мугалимдик кесип ардакталабы?

Блог | 5 Окт 2018 | 3421 | 1

5-октябрь – өлкөнүн кыймылдаткыч күчү(мотору) мугалимдер күнү. Сапаттуу мугалим – сапаттуу билим алуунун кепили. Ал эми сапаттуу билим алгандар түздөн-түз өлкөнүн өсүп өнүгүшүнө түртөт. Мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим, тарбия бербестен, жалпы улутка же мамлекеттин келечегинин пайдубалынын негизи.

Өлкөдө 80 миңдин тегерегинде мугалим эмгектенет. Арзыбаган айлыкка иштеп, окуучуларга өздөрүнүн чамасы жетишинче билим берип жаткан мугалимдерден Алла ыраазы болсун. Өлкөнүн чыныгы эгемендиги ушул мугалимдердин колунда. Эркин мамлекетти эркин ойлоно алган жарандар түптөйт. Ал эми эркин жаран болууну болсо ушул агартуу жаатында иштеген мугалимдер камсыздайт. Андыктан бул кесиптин өкүлдөрүн ардактап алуу керек. Билим берүү системасынын эң башкы компоненти окуучу, мектеп имараты же компьютер дагы эмес, мугалим! Сапаттуу мугалим, өз ишин сүйгөн мугалим болгондо гана билимдүү, тарбиялуу, эркин ойлоно алган окуучулар чыгат. Андай мугалимдердин болушу үчүн алардын жок дегенде жашоого керектүү минимум айлык, пенсия болушу кажет.

Ар бир кесип ардактуу, бирок ушул мугалимдердин орду коомдо кандай? Мына жакында күч түзүмдөрүндө эмгектенип пенсияга чыккандар менен агартуу тармагында эмгектенип пенсияга чыккандардын алган пенсиясы тууралуу кабарды окудуңуз болуш керек. Кабарда атактуу погончондордун пенсиясы 40 миң сомдун тегерегинде экен. Ректор, министр, спикер, профессор, билим берүү тармагында 40-50 жыл эмгектенген мугалимдердин пенсиясы 15-20 миң сом экени белгилүү болду. Булар албетте, персоналдык статустагы пенсионерлер. А катардагы милициядан пенсияга чыккандардын пенсиясы 10 миң, мугалим пенсионердики араң 5-6 миң сом чыгат. Силовиктер “рулит” эткени менен кылмыштуулук азайган жок. Күч органдарында иштегендер алган айлыгынан киреше салыгын төлөбөйт. Жакында эле финполициядагылар үчүн киреше салыгы төлөнбөй турган мыйзам кабыл алышты. А бирок бечара мугалимдер 7 миң сом алабы 10 миң сом алабы 10% киреше салыгы төлөшөт. Киреше салыгы негизи баардык жарандар үчүн төлөшү керек болгон салык. Бирок, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери же пенсионерлери үчүн атайын мыйзам менен бошотуп коюшту. Силовиктердин минген машинасы менен мугалимдердин абалын салыштырып көрдүңүз беле? Айта берсе сөз көп.

Мурдагы макаламда деле бул боюнча пикирими жазгам. Биз көңүлдү силовиктерге бургандайбыз. Бирок негизги көңүл бурула турган мугалимдер, мектептер, окуучулар болушу керек эле. Күч органдарынын өкүлдөрүнө үй салынганын кабарлардан көп окуйбуз. Бирок мугалимдерге үй салынганын эч эле уга элекмин. Туура, күч органдары кылмыштуулук менен күрөшүп, мекенди коргоодо. Алар деле адам, алар деле социалдык коргоого муктаж. Бирок кылмыштуулуктун себеби билим берүүнүн начардыгынан чыгып жатат да. Биз оорунун себеби менен эмес, анын симптомдору(белгилери) менен күрөшүүдөбүз. Мектептерден билимдүү, тарбиялуу жаштар чыкса кылмыштуулук өзүнөн өзү азаят эле. Аны үчүн мугалимдерди ар кандай жактан колдоп коргошубуз керек.

Саясатчылар майрамда, же көчөнү шыпырыш керек болгондо, же шайлоо маалы келгенде мугалимдерди эстебей, аларды сөз жүзүндө эле ардактабай, иш жүзүндө ардакташ керек экенин түшүнсө деп үмүт кылам. Ал үмүт өчпөйт. Майрамыңыздар менен кымбаттуу мугалимдер!

Автор: Бакытбек Абдуллаев

1 пикир

1 пикир

  1. Гулзина

    05.10.2018 19:04

    Сонун жазылыптыр калеминиз курчуй берсин чиновник конечно ушу создор жетсе жакшы болмок. Мугалимдердин да статусуна бир аз бийигирээк кылып койсо башыбыз кокко жетмек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM