Милициянын кайгуул кызматы 18-июндан 24-июнга чейин Бишкек шаарынын аймагынан 5 миң 691 жол эрежесин бузуу фактысын каттады.
Алардын ичинен:
- Мас абалында автоунаа башкаруу — 66 айдоочу;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 7;
- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу — 48;
- Автоээнбаштык — 2;
- Башка жол эрежелерин бузуулар — 5 568.
Ар кандай бузуулар үчүн 428 унаа убактылуу айып аянтына токтотулду.