Connect with us

Баткен облусунун тургундары программист кесибине акысыз окутулат

Кыска кабар | 3 Май 2021 | 833 | 1

«Кыргызстандан 50 миң программист даярдоо» долбоорунун алкагында Баткен облусунун тургундары акысыз окутулат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров кабарлаган.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин, баткендик улан-кыздарды акысыз окутуу чечими кабыл алынган.

«Кыргызстандан 50 миң программистти даярдоо» долбоорун бир жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз. Анын алкагында өлкөбүздүн аймактарындагы таланттуу жаштар программалоо боюнча билим алып келет. Бул үчүн символикалуу гана акы төлөйт. Акыркы окуялардан соң биз Баткен облусундагы өспүрүмдөрдү программисттикке акысыз түрдө окуталы деп чечтик. Ишти баштадык. Кызыккан жаштар, кары-картаң, жумушсуз жаранбы же башка бизге кайрылса болот. Айрыкча Баткендеги кыздарга ушул багытта билим берүүгө басым жасайбыз».

Азис Абакировдун айтымында, долбоордун катышуучулары онлайн форматта жана Кызыл-Кыядагы IT-лицейде билим ала алышат.

Долбоордун максаты — Кыргызстандын экономикасын колдоо, өлкөбүздөгү эмгекке жарамдуу курактагы жогорку мотивациялуу адамдарды жаңы, суроо-талапка ээ кесиптерге, тактап айтканда, IT-адистиктерине жана башка чектеш онлайн адистиктерине окутуу, пандемиянын кесепетинен жапа чеккен калктын аялуу катмарын замандын талабына дал келген кесиптерге окутуп, акча табуусуна мүмкүнчүлүк түзүү. Долбоордун алкагында 2020-2021-жылга карата 1000 адисти даярдап чыгуу пландаштырылууда. Ага 15 жаштан 60 жашка чейинки адамдардын бардыгы катыша алышат.

Окутуу онлайн режимде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт, бул интернет бар Кыргызстандын каалаган жеринен билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Курстарды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр компаниялардан, КАРПОУга мүчө компаниялардан, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринен иш таба алышат.

Copyright © 2017 Maral FM