Connect with us

Президент: Саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши керек

Коом , Кыска кабар , Саясат | 29 Авг 2020 | 660 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Жээнбеков берген маегинде жеке саясий топтун амбициялары, талаш-тартыштары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши керек экендигин айтты.

-Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык− бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар, жеке же саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши керек. Бул маселе парламенттик шайлоонун алдында да актуалдуу болуп жатат, — дейт президент.

Жээнбеков ошону менен бирге саясий чеберчилигин көрсөтөм деп коомду, керек болсо мамлекетти түйшүккө салбоо керек экенин да эскертти.

Ошондой эле, президент өз мөөнөтүндөгү артыкчылыктуу багыттар аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, улуттун саламаттыгына түздөн-түз таасир эткен калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригацияны жакшыртуу экенин дагы бир жолу кайталады. Жана бул багытта кыргызстандыктар президентти колдоп жатканын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун бул билдирүүсү “Кыргызстан” партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын талаш-тартышы болуп жаткан учурга дал келди.

Copyright © 2017 Maral FM