Connect with us

Авиация тармагы миллиарддарды жоготуп, он миңдеген адам жумушсуз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 843 | 0

Дүйнөлүк авиа тармагы пандемияга байланыштуу аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдөн улам кыйынчылыкка туш болду.

Австралиянын белгилүү Qantas Group авиакомпаниясы пандемиянын айынан чоң жоготууларга туш болгон авиакомпаниялардын катарына кирет. Бул тууралуу BBC маалымат булагы кабарлады.

«Пандемия авиакомпанияларга терс таасирин тийгизгени баарыбызга белгилүү. Авиаиндустрияны кайра калыбына келтириш үчүн бир канча убакыт талап кылынат жана  албетте, баштагыдай бекем болбойт», — деп айтты Qantas Group авиакомпаниясынын аткаруучу директору Алан Жой.

Qantas Group авиакомпаниясы коронавирус пандемиясынан кийин кайра ишин жандандырууда 6 миң кызматкерин жумуштан кыскартат. Авиакомпанияда кызматкерлердин санын кыскартуу сентябрь айынын аягына чейин жүрөт. Ага кошумчалай, жумуш орундары кыскартылып, 20 000 жумушчу убактылуу эмгек өргүүсүнө чыгат.

Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Австралия өкмөтү өзүнүн жарандарына жана туруктуу жашоочуларына өлкөдөн чыгууга тыюу салды.

Ички саякаттар — Qantas Group компаниясына киреше алып келчү тармактардын бир бөлүгү. Бирок азыр ар бир штаттардын жана мамлекет аймактарынын чек аралары жабык. Ошол себептүү саякаттоого болгон мүмкүнчүлүктөр дагы кыскартылды. Канберре борборунда жүргүнчүлөрдүн саны аз болгондуктан, ишемби күндөрү аэропорт иштебейт.

Австралияда жумушсуздардын саны алгач ирет 1 миллиондон ашты.

Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталса, жумушсуздук азыркыдан да өтүп күчөөрү айтылууда. Австралиянын резервдик банкынын билдиргенине караганда, 2020-жылдын соңуна карата жумушсуздардын саны 10 пайыздан ашат.

Махбуба Сайпилаева

2020-жыл авиация тарыхындагы «эң начар жыл» деп бааланды

Copyright © 2017 Maral FM