Биз менен байланышыңыз

Австралияда 400дөй дельфин жээкке чыгып өлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 530 | 0

Австралиянын Тасмания арал-штатында болжол менен 380 дельфин жээкке боюн уруп, өлгөн.

Маалыматка ылайык, Австралия тарыхында мындай масштабдуу окуя болгон эмес. Бир нече күн ичинде 470тей дельфин жээкке чыгып калган.

Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду. Куткаруучулар дагы отузун аман алып калууга аракет кылышууда.

«Алар дале тирүү, жээктеги тайыз сууда турат. Биз аларды куткарып калабыз деп үмүттөнүп турабыз. Бирок убакыт өткөн сайын алардын шайы ооп жатат»,- деди тасмандык бийликтин өкүлү Ник Дека.

Жыл сайын Австралия жана Жаңы Зеландияда миңге чейинки кит тукумундагылар башка аймактарга сүзүп кетишет. Окумуштуулар суу жаныбарлары лидерин ээрчип сүзөрүн айтышат. Ар бир үйүрдө тыгыз социалдык байланыштар бар. Ошондуктан бир эле учурда жээкке көп сандагы киттер боюн урарын жазат ВВС кыргыз кызматы.

2018-жылы Жаңы Зеландияда 200 чамалуу дельфин-гринддер жээкке боюн уруп өлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM