Биз менен байланышыңыз

Австралия: Мөмөлөрдөн кайрадан ийнелер чыгып жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 511 | 0

Австралиянын супермаркеттеринде кулпунайдан ийнелер чыгып жаткан учурлар кайрадан башталды.

27-июндан 1-июлга чейин Аделаида полициясына Woolworths соода түйүндөрүнүн кардарларынан 3 арыз түшкөн.

Сатып алуучулар кулпунай жана авокадодон темир ийне жана кеңсе буюмдарынын бөлүктөрүн табышты. Полиция ийнелер менен топчуларды товарларга атайлап тыгылып калган деп эсептейт.

Ал эми Woolworths бул жагдайга тынчсызданып, көзкарандысыз иликтөө ишин баштады.

Эске салсак, 2018-жылы Австралиянын 6 штатынын жашоочулары дүкөндөрдө кулпунайдан ийнелер чыгып калганына нааразы болушкан. Жалпысынан 100гө жакын мындай учур катталган. Мындан тышкары, ийнелер бир нече жолу алма, банан жана мангодан да табылган.

Полициянын версиясына ылайык, ийнелер кулпунайга жемиш фермасынын 50 жаштагы көзөмөлчүсү Май Ут Тринкс тарабынан киргизилген. Эмгек шартына нааразы болгон аял жумуш берүүчүсүнөн өч алууну чечкен. Бирок кийинчерээк адамдар аны туурай башташып, жемишке ийнелерди сала баштаган.

Мындай көрүнүштөр өлкөдө кеңири жайыла баштаганда, Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон жемишке ийне салып берген кылмышкерлерди 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын күчөтөт деп жарыялады. Sky News Australia билдиргендей, анын демилгеси Сенаттын жактыруусуна ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM