Бул аймакта 60тан ашуун мектеп иштебей, 159 миң үй жарыксыз калып, жолдор жабылган.
Сиднейдин батыш жагында жана Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жээктеринде тынымсыз жааган жаандан, катуу шамалдан жана суу каптоолордон улам жашоочуларды эвакуациялоо жарыяланган. Бул тууралуу аймактын авариялык кызматы өзүнүн Твиттердеги баракчасына билдирген.
Бул аймакта 60тан ашуун мектеп иштебей, 159 миң үй жарыксыз калып, жолдор жабылган.
Авариялык кызмат Иллавар көлүнө жакын жайгашкан жашоочуларды тынымсыз жааган жамгырдан улам көтөрүлгөн суудан коргонуу үчүн үйлөрүнөн чыгып кетүүгө даяр болуусун өтүндү. Жашоочулар эки саат аралыгында коопсуз аймактан көчүрүлүп чыгышы керек. Көтөрүлгөн суу коркунучунда калган Сиднейден Маккоури Порту, Кофс-Хаборга чейинки түндүк –чыгыш жээктин жана Мурбанк, Чиппинг-Нортон, Милперра, Питт-Таун-Боттомс, Ричмонд-Лоулендс жашоочуларын коопсуз аймактарга көчүрүү иштери башталды.
Ошондой эле, катуу шамалдан жана тынымсыз жааган жаандан Сиднейдин да бир катар райондору жарыксыз калган. Коммуналдык кызматтардын маалыматына караганда 87 миң үй жарыксыз отурат.
Сиднейдин аймагында 38 жалпы билим берүүчү мектептер жабылган. Жергиликтүү бийлик жарандарды дүйшөмбү күнү жумушка чыкпоосун суранган. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар түшө элек.