Биз менен байланышыңыз

Австралияда жаңы апаат [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 4069 | 0

Нөшөрлөгөн жаандан улам Австралиянын чыгыш тарабындагы Квинсленд штатын суу каптады.

Жергиликтүү басылмалар мындай жаан «жүз жылда бир» болорун жазышууда. Аба-ырайына байланыштуу жолдогу кыймылдар токтоп, парктар жабылган. Көчөнү суу каптагандыктан адамдар кайык менен жүрүүгө туура келүүдө. Мындай аба-ырайы экономикага бир топ зыян алып келгени айтылууда.

img

img

Квинсленддин синоптиктери жаандын басыларын айтып, бирок суу ташкынын бир-нече күнгө кооптуу бойдон каларын белгилешти.

Ошол эле убакытта, нөшөргө карабастан Жаңы Түштүк Уэльс жана Виктория штаттарындагы өрт толугу менен токтогон жок. Ошентсе да, бираз болсо да өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин жеңилдеткени анык.


Австралия: өрткө чейин жана өрттөн кийин [фото]


Австралияда токойду каптаган өрт 2019-жылдын сентябрь айынан бери токтобой келет. Тилсиз жоонун айынан 28 киши каза таап, эки миңге жакын турак жай күйүп жок болгон. Ошондой эле, бир миллиарддан ашык жаныбарлардын өлгөнү да айтылып келет.


Австралия: Жаанга кубанган жаныбарлар [фото, видео]

Copyright © 2017 Maral FM