Биз менен байланышыңыз

2020-жыл авиация тарыхындагы «эң начар жыл» деп бааланды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 709 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам, авиакомпаниялардын кирешеси 2020-жылы 84 миллиард долларга чейин төмөндөйт жана жүргүнчүлөрдүн саны эки эсеге азаят. Бул көрсөткүчтөрдү Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) берген.

Апрель айында эле авиакомпаниялар 2019-жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрүнүн 95 пайызын жоготушкан.

Быйыл авиакомпаниянын кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 50%га — 838 млрд доллардан 419 млрд долларга чейин төмөндөйт. Мурунку көрсөткүчтөрдү калыбына келтирүү 2021-жылы ишке ашпайт. IATA авиакомпаниялардын кирешеси 2021-жылы 598 миллиард долларга чейин көбөйөрүн болжойт.

-Финансылык жактан алганда 2020-жыл авиация тарыхындагы эң начар жыл болот, — деди IATAнын президенти Александр де Жуняк.

Ал белгилегендей, авиация тармагы күн сайын 230 миллион доллар жоготуп жатат.

IATAнын божомолу боюнча, учактарга болгон талап быйыл 2019-жылга салыштырмалуу 54,7%га төмөндөйт. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдүн санынын 2,2 миллиардга чейин кыскарары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM