Биз менен байланышыңыз

Окенов: «Ачык асман» кирсе да авиабилеттер арзандабайт 

Пикирлер | 11 Дек 2018 | 862 | 0

Авиакомпаниялар «Ачык асман» долбоору ишке кирген мамалекеттерге эмес, жүргүнчү болгон мамлекеттерге учат. Мындай пикирин авиация тармагы боюнча адис Таалайбек Окенов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Ачык асмандын» ишке кириши менен жарандык авиация тармагындагы көйгөйлөр чечилбейт.

«Москва-Бишкек каттамында жүргүнчүлөр көп. Бирок Японияга учак жок, анткени жүргүнчү жок. Эгер «Ачык асман» кирип бирок авиабилеттеринин баасы түшпөсө, мамлекет авиациясыз калса эмне болот? Депутаттар элдин көйгөйүн чечпей, коркунуч туудуруп жатасыңар. Аталган долбоор ишке кирсе да авиабилеттердин баасы арзандабайт. Жарандык авиациянын жетекчиси жыл сайын алмашып жатса, учактарыбыз кантип кара тизмеден чыгат?-дейт Окенов.

Эл өкүлү Абдувахап Нурбаев “Марал” радиосуна берген маегинде авиация тармагы коррупцияга малынганын билдирген. Окенов буга жооп катары төмөнкүлөргө токтолду.

«Авиация тармагында эч нерсе жок биз тазабыз деп айта албайм. Бирок ошол эле коррупция депутаттардын арасында да бар»,-дейт Окенов.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 6-декабрда “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алган. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM