Биз менен байланышыңыз

Окенов: «Ачык асман» ишке кирбесе да каттамдар көбөйүп жатат

Пикирлер | 11 Дек 2018 | 950 | 0

«Ачык асман» долбоору ишке кирбесе да каттамдар көбөйүп жатат. Бул тууралуу авиация тармагы боюнча адис Таалайбек Окенов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Ачык асман» пайда алып келбейт. Алсак, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы «Ачык асмансыз» да аба эркиндигинин 5-даражасы менен Монголияга учуп жатат.

«Мен «Ачык асманга» каршымын, ал сыйкырчыдай сезилүүдө. Кыргызстанга туура эмес саясат келип жатат. Жергиликтүү авиакомпаниялар чет өлкөгө чыга албай жатат. «Ачык асмандын» кириши менен алсыз компанияларды эл аралык ири авиакомпаниялар басып коюу коркунучу бар. Кыргызстан авиациясыз өнүгө албайт. Анткени тоолуу өлкөбүз. Биз 40-50дөй мамлекет менен ачык асман түзүп, калганын коё туралы дедик. Бирок колдоо болгон жок»,-дейт Окенов.

Ал буга кошумча, мамлекет авиация тармагына эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн, жергиликтүү авиакомпаниялар өз күчү менен өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 6-декабрда “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алган. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM