Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин коронавирус вакцинасын иштеп чыккандан кийин Африка өлкөлөрүнө алгачкылардан болуп берүүгө убада берди.
-Кытай коронавирустук вакцинаны иштеп чыгып, колдонгондон кийин, аны биринчилерден болуп Африка өлкөлөрү колдоноруна убада берет, — деди Си Цзиньпин.
Кытай президенти Африка мамлекеттеринин ортосундагы коронавируска каршы биргелешип күрөшүү боюнча видео конференцияда ушундай билдирүү жасады.
Си Цзиньпин Пекин Кытай-Африка достук ооруканаларын курууну тездетип, Кытай менен Африка ооруканаларынын ортосундагы кызматташтыкты активдештире тургандыгын белгиледи.
Буга чейин Кытай дүйнөгө коронавирус вакцинасын берүүнү пландап жаткандыгын жарыялаган.