Биз менен байланышыңыз

17-май: коронавирус катталган райондордун тизмеси

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 9880 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 17-майга карата 1138 жаран коронавируска кабылды. Ал эми айыккандардын саны 804гө жетип, 14 жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 153, Ош облусунда 302, Баткен облусунда 25, Нарын облусунда 169, Чүй облусунда 408, Ысык-Көл облусунда 13 жаран коронавирус жуктурган. Ошондой эле Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген 58 жаран жана Санкт-Петербург шаарынан келген 10 адамдан вирус табылган.

Жалал-Абад облусу

Сузак району — 86, Ала-Бука району — 15, Жалал-Абад шаары — 8, Аксы району — 2, Майлуу-Cуу — 2, Кара-Көл шаары — 1, Тогуз-Торо району — 4, Чаткал району — 35.

Ош облусу

Ноокат району — 117, Кара-Суу району — 39, Алай району — 1, Чоң Алай району — 4, Өзгөн району — 22, Ош шаары — 119.

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаары — 7, Баткен району — 4, Кадамжай району — 8, Лейлек району — 6.

Нарын облусу

Нарын шаары — 70, Нарын району — 4, Ак-Талаа району — 1, Ат-Башы району — 77, Кочкор району — 3, Жумгал району — 14.

Чүй облусу

Аламүдүн району — 36, Москва району — 12, Сокулук району — 30, Жайыл району — 4, Ысык-Ата району — 6, Кемин району — 7, Чүй району — 2, Токмок шаары — 3, Панфилов району — 1, Бишкек шаары — 307.

Ысык-Көл облусу

Түп району — 2, Ак-Cуу району — 1, Каракол шаары — 7, Балыкчы шаары — 1, Жети-Өгүз району — 2.

Copyright © 2017 Maral FM