Connect with us

Баткендеги чырда жарадар болгон чек ара кызматкери каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 11 Май 2020 | 1057 | 0

Баткенден Бишкекке алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу социалдык тармактарга тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бирөө анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми жабыркаган аскерлердин экөө Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

-Бардык бейтаптар медициналык көзөмөлдө, тийиштүү дарылануудан өтүүдө, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-майда Баткен облусунун Чек аттуу жеринде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчылык мылтыктан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган. Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Натыйжада, кыргызстандык 4 адам (3 аскер кызматкери жана 1 жаран) жаракат алып, алардын үчөө Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Ал эми бирөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ал эми Тажикстандын коопсуздук комитети эки тажик тургуну жаракат алганын айткан.

Кечээ, 10-майда чек арада ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди.

Copyright © 2017 Maral FM