21-апрелге карата Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 97 жаңы жагдай катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Бүгүнкү күндө Казакстанда COVID — 19 илдетин жуктуруу боюнча жалпы 1949 жагдай катталды. Анын ичинен:
— Алматы шаары — 668;
— Нур-Султан шаары — 390;
— Кызылорда облусу — 151;
— Караганды облусу — 99;
— Шымкент — 92;
— Акмола облусу — 82;
— Атырау облусу — 80;
— Батыш-Казакстан облусу — 68;
— Туркестан облусу — 65;
— Жамбыл облусу — 65;
— Алматы облусу — 50;
— Павлодар облусу — 33;
— Түндүк-Казакстан облусу — 30;
— Актөбе облусу — 27;
— Костанай облусу — 25;
— Мангистау облусу — 13;
— Чыгыш-Казакстан облусу — 11.