Биз менен байланышыңыз

Токаев: Казакстанда коронавирусту жуктуруунун туу чокусу өтө элек

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 758 | 0

Казакстан COVID-19 илдетин жуктуруунун жогорку чегинен өтө элек. Мындай маалыматты Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасында жазды.

— Казакстанда COVID-19 вирустук инфекциясына кабылгандардын саны өсүп жатат, бирок геометрикалык ылдамдыкта эмес. Бул да болсо, тиешелүү чаралар өз учурунда жасалганынан кабар берет. Бирок өлкө вирусту жуктуруунун жогорку чегинен өтө элек. Ошондуктан элди карантин эрежелерин сактоого чакырам,- деп жазды Токаев.

Ошондой эле, медиктерге, милицияларга, аскер кызматкерлерине жана ыктыярчылар тобуна ыраазычылык билдирген президент, алардын саламаттыгынын маанилүүлүгүн белгилеген.

20-апрелде түшкө жакын Казакстанда дагы 22 адам коронавирус менен каттоого алынды. Алар Алматы (10), Чымкент (9), Нур-Султан ( 2) жана Костанай облусунун (1) тургундары.

Казакстанда коронавирус жалпы 1 757 адамдан аныкталды.

Айыккандар – 417

Каза болгондор – 19.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы COVID-19 илдетинин өлкөдө жайылышы боюнча абалды изилдеген топтун тыянагы боюнча, вирусту жуктуруунун жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM