Биз менен байланышыңыз

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп алдыда келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2024 | 109 | 0

АКШдагы президенттик шайлоодо республикачы Дональд Трамп 15 штатта жеңишке жетишти, ал эми демократ Камала Харрис жети штатта алдыда келе жатат.
АКШнын убактысы боюнча саат 21:30га карата шайлоо 41 штатта жана Вашингтондо жабылды. Трамп акыркы маалыматтар боюнча 230 добушка ээ болсо анын атаандашы Камала Харрис 192 добуш менен экинчи орунда келе жатат. Талапкер президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн АКШ боюнча шайлоочулар коллегиясынын  270 добушун алышы керек.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен төртүнчү ирет шайлоого катышууда. Камала Харрис 60 жашта. АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамптын атаандашы  демократчылардан Хиллари Клинтон болгон. Учурдагы президент Жо Байден 78 жашында президент болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM