Connect with us

«Маралдын» журналисттери Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин чагылдырууга киргизилген жок

Кыска кабар | 6 Ноя 2024 | 401 | 0

Бишкекте өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин чагылдырууга «Марал» радиосунун журналисттери киргизилген жок.

Саммитке журналисттерди каттоо 19-октябрда Президенттик аппарат тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми бейжиктерди чыгаруу жоопкерчилиги Тышкы иштер министрлигинде болгон. «Марал» радиосунан үч журналист катталган.

Бүгүн, 6-ноябрда редакциянын журналисти иш-чарага барганда анын бейджиги жок экени айтылган. ТИМдин маалымат кызматы «техникалык себептен улам, 13 журналисттин бейжиги чыкпай калды» деп айтууда.

Бирок кайсы журналисттер жана кайсы ЖМКлар катталбай калганы азырынча ачыктала элек.

«Марал» радиосу ТИМден расмий түшүндүрмө талап кылат жана медиаларга тандалма мамиле жасалбашы керектигин билдирет.

Редакция буга чейин мамлекеттик иш-чараларды, президенттердин визиттерин чагылдырып жүргөн.

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин XI саммити өтөт. Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.

Кыргызстандын уюмга төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM