Нарын дарыясынан изделип жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 6-ноябрда жалпы 44 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Нарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери аны издөө жүрүп жатат.