Биз менен байланышыңыз

Атайын эсепке 70 миллион сомго жакын акча каражаты түштү

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 666 | 0

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 69,5 млн. сом келип түштү. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Кечээ, 31-март саат 17.00гө карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн. 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM