Медицина кызматкерлерин жеткирүү боюнча транспорт уюштурулду. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
-Түнкү убакта коронавирус боюнча иштеп жаткан медицина кызматкерлери график боюнча иштешет жана алар жумуш ордуларын таштап кетүүгө болбойт. Вирустун жайылыш коркунучун алдын алуу үчүн, алар жеке коргонуу каражаттары, транспорт жана керектүү зарыл каражаттар менен камсыздалышкан, — деди Акматова.