Биз менен байланышыңыз

Жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталды

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 280 | 0

Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады.

Ал учурда Кыргызстанда анын тапшырмасынын негизинде көпчүлүк жарандар үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

«Бул — Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жана мамлекеттик кызматта иштегендерге эле эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүндүгү. Ал үчүн батир алууну каалаган мүмкүнчүлүгү бар жарандар турак жайдын баасынын туура тең жарымын төлөшү керек эле. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк баарында эле жок экен. Мисалы ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары гана бар дейли. Калганын кайдан алат? Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки аптанын ичинде РСК банкынын аталышы «Элдик банк» болуп өзгөртүлөт», — деди ал.

Жапаров билдиргендей, мыйзам коомдук талкууга илинди. Күзгө чейин кабыл алып, болжол менен октябрдын он бешинен баштап «Элдик банк» жарандарга насыя бере баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM